«Я люблю русский язык». КВН
С.Исмаилов атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинде 2025-жылдын 7-мартында «8-март-Аялдардын Эл аралык күнүн» утурлай орус тилчи эжейлердин уюштуруусунда КВН өтүлдү.10-класстан 5-класска чейинки класстардын окуучуларынан түзүлгөн 3 команда сынакка жогорку деңгээлде даярданып келишкен .Орус тилинде жаңылмачтар,табышмактар,көркөм окуу айтылып,орус тилинде обондуу ырлар жаңырды .Орус элинин улуттук бийлери аткарылды.Катышкан окуучуларга кызыктыруучу сыйлыктар ,дипломдор тапшырылды.Иш-чараны уюштурушкан орус тилчи эжейлер Динара Базаркуловнага,Надира Өмүрзаковнага,Роза Жайлобековнага терең ыраазычылык билдиребиз.
Комментарии