Новости

С.Исмаилов атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин орус тили жана адабияты мугалими Иманкулова Надиранын жетекчилиги астында 4а-класстын жана 5а-класстын окуучулары «Я люблю русский язык» аталышындагы КВН өтүштү.Окуучулардын орус тилинде сүйлөй алганы,орус тилинде жаңылмач,макал-лакап,табышмак айтышканы,обондуу ыр аткарышканы,көркөм окуулары жогорку деңгээлде экени бааланды.Чыгармачылык ийгилик каалайбыз,Надира Иманкуловна!
27.04.2024 8
С.Исмаилов атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинде 2023-2024-окуу жылынын ноябрь айынан апрель айына чейин алыскы Япония өлкөсүнөн келген волонтер кыз Мако ,окуучуларга англис тилин окутуп үйрөтүп келди.Мако аз убакыт мектепте иштесе да жалпы мугалимдердин,окуучулардын сүймөнчүлүгүнө ээ болду.Япон элинин маданиятын ,адеп-ахлагын , тилин англис тили менен катарлаш окуучуларга ийрим ачуу менен окутууга жетишти. Акыркы сабагын мугалимдерге […]
27.04.2024 10
С.Исмаилов атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин жалпы жамааты Республикалык 3 айлык ишембиликке активдүү катышып,мектептин айланасына,айыл ичине жана райондун кире беришин тазалоого катышышты .Окуучуларга үлгү болуп айлана-чөйрөнү тазалап турууну ,эмгекти сүйүүнү ,ынтымакка,биримдикке чакырууну колго алышты.
27.04.2024 12
С.Исмаилов атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин «Бөрү» командасы Республикалык аскердик- прикладдык спартакиадасынын Кочкор райондук турунда 2-орунду камсыз кылышты.Аскерге чейинки даярдык предметинин мугалими Рысбек уулу Турсунбекке терең ыраазычылык билдиребиз.
27.04.2024 7
С.Исмаилов атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинде «23-Апрель Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнү»таңкы 7 де китепканачы Жумалиева Жээнкүлдүн уюштуруусунда китеп окуу менен башталды.Окуучулар мектепке келип өздөрү каалаган китептерди окушуп,бири-бири менен жагымдуу маанайда ой бөлүшүштү.Андан кийин башталгыч класстарда «Жомоктор дүйнөсүндө»аталышындагы «Куурчактар сүйлөйт»иш-чарасы өткөрүлдү.Китеп тууралуу дубал газеталар,мобилдик китепкана чыгарылып, кеңири маалыматтар берилди.
23.04.2024 11
Кыргыз Республикасынын «Мектеп лигасы» долбоорунун алкагында жеңил атлетика боюнча Кочкор райондук этабында С.Исмаилов атындагы жалпы орто билим берүүчү мектеби 2-орунду ээледи.Биздин жаш спортчулабыздын жеңишке жетишине чоң салым кошкон дене тарбия мугалимдерибиз Азамат менен Турсунбекке терең ыраазычылык билдиребиз.
29.02.2024 32
С.Исмаилов атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинде Улуттук нарк боюнча программаны ишке ашыруунун тапшырмасын аткарууда «Акылдуу коңгуроо» коюлду. «Акылдуу коңгуроо»окуучулардын патриоттук сезимдерин ойготууга,улуттук баалуулуктарды баалоого көмөк көрсөтүүгө чоң салым кошооруна ишенебиз.»Акылдуу коңгуроо»үчүн терең ыраазычылык билдиребиз.
29.02.2024 38
«Өмүр бизден өтүп кетсе ,эл эмгектен эскерсин»ураанынын астында Сатаркул Исмаиловдун элесине таазим кылуу максатында 21-февраль.2024-жылы С.Исмаилов атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинде футбол боюнча «Сатаркул Исмаилов » атындагы өтмө кубогу өткөрүлдү.Бул оюнга 6 мектептин футбол командалары катышышты.Жыйынтыгында Т.Усубалиев мектеби 1-орунга,Н.Жүндүбаева мектеп-гимназиясы 2-орунга,С.Исмаилов мектеби 3-орунга ээ болушуп,сыйлыктарга ээ болушту.Мелдешти өткөрүүгө демөөрчүлүк кылган Сатаркул агайдын балдарына,Исакеев жаштар […]
21.02.2024 23
19-февраль 2024-жылы С.Исмаилов атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинде «Англис тили-баарлашуу тили» жумалыгы жыйынтыкталды.Жумалыктын алкагында бир катар иштер аткарылды.Англис тилчи мугалимдерибиз менен кошо волонтер кыздар Рина менен Мако да окуучуларды англис тилине кызыктыруу менен кошо япон тилин да өздөштүрүүгө аракет көрүшүүдө.Бүгүнкү.иш-чара жогорку деңгээлде өткөрүлдү.Катышкан окуучуларга,даярдаган эжейлерге терең ыраазычылык билдиребиз.
21.02.2024 42
21-Февраль Эл аралык эне тил күнү С.Исмаилов атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинде 16-февралда белгиленди.Бул иш-чарада Кыргызстанда жашаган улуттардын маданияты чагылдырылып,эне тилинде көркөм окуулар уюштурулду.Окуучуларды ар тараптан тарбиялоо,көп тилдүүлүктүн мааниси , достукту,биримдикти чыңдоого карата өтүлгөн иш-чара жогорку деңгээлде өткөрүлдү.»Канча тил билсең,ошончолук улуксуң» дегендей, ар бирибизге эне тилибиз ыйык болсо да,башка улуттардын эне тилин сыйлайлы демекчибиз.
21.02.2024 31
С.Исмаилов атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинде 2024-жылдын 14-февралында «21-Февраль Эл аралык эне тил күнүнө»карата «Санариптик сабаттуулук»темасындагы иш-чара уюштурулду.Бул иш-чарада 7-8-9-класстын окуучулары тарабынан Tilda платформасында өз сайттарын жасашып,жактап беришти.Сайттын жасалышы ,дизайны эле каралбастан,жасаган иштерин эркин кеңири түшүндүрүп беришине баа берилди.Окуучуларды өзүн өнүктүрүүгө чоң мотивация берген ,информатика предмети боюнча практикант Асанов Бексултанга терең ыраазычылык билдиребиз.Жеңүүчүлөр грамота […]
14.02.2024 34
2024-жылдын 1-февралында С.Исмаилов атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинде 9-10-класстын класс жетекчилери Осмоналиева Динара,Койчуманова Жүзүмкан Ата-энелер программасынын негизинде түзүлгөн «Баланы үй бүлөлүк баалуулуктарга багыттоо «деген темада ата-энелерге кызыктуу,маңыздуу сабак өтүп беришти.
04.02.2024 56
1 / 1212345...10...»