Биз жөнүндө

Мектептин тарыхы

С.Исмаилов атындагы орто мектеби эң алгач 1928-жылы Кырбашев Эсенаалынын эки бѳлмѳлүү үйүндѳ башталгыч мектеп болуп уюштурулган. Биринчи окуучулары Жүзѳнбаев Жусуп, Тѳлѳев Сыдык, Мырзаканов Мусалар болушкан. Жүзѳнбаев Жусуп кийин 1954-жылы -1959-жылдары колхоздун башкармасы болуп иштеген. Мектептин биринчи мугалими Ибраев Карамолдо элдин демилгеси менен 1931-жылы мектеп куруп, жети жылдык мектепке айландырган. Анын директору Аалиев болгон. Согуш жылдарында мектепти Каниметов Раимбай жетектеген. 1958жылы «Үкѳк» сегиз жылдык мектебине айланган. 1960-1968-жылдары мектепке Ш.Караев жана Мукаш Абазгановдор директор болушкан.

1968-жылдан 1984-жылга чейин Сатаркул Исмаилов жетектеп, 1972-жылы «Большевик» орто мектеби болуп түзүлгѳн.

1972-жылы азыркы типтүү мектептин курулушу башталып, 1975-жылы пайдаланууга берилген. Мектептин имаратын курууда Сатаркул Исмаиловдун жана ошол мезгилдеги колхоздун башкармасы Ибраев Сарыгулдун эмгектери зор болгондуктан, Сатаркул Исмаиловдун ысымы 2006-жылы мектепке ыйгарылган. Мектептин ѳнүгүшүнѳ, ишине кѳп эмгек кошкон алгачкы жогорку билимдүү мугалимдер СССРдин  Эл агартуусунун отличниги Шаршенбаев Бакас, Эл агартуунун отличниктери Чѳкчѳев Акин, Байзакова Саттылар бүткүл ѳмүрүн, эмгегин мектепке арнашкан.

Мектепте кѳп жылдар бою директор болупиштеген Кадыркулов Эшмуканбет 1984-1988-жылдары  жана 2011-жылдан 2021-жылдын март айына чейин мектепти жетектеп келди.

2021-жылдын март  айынан баштап Бостонкулова Асел мектеп директору болуп иштеп келе жатат.

Мектеп 1987-жылы облустук Ардак Тактага илинген, Коммунисттик партиянын 90 жылдыгына карата мектептин партиялык уюму 1987-жылы КПСС БКнын «АрдакГрамотасы» менен сыйланган.

Макебаев Токтосун 1989-1997-жылдарымектеп директору болуп иштеген, 1997-2011-жылдары  Топчубек Рыспаев, Эмил Жамгырчиев, Каналбек Мусаев, Жаздагүл Жунушовалар мектеп директору болуп иштеп кетишкен.

 

Эмблема

Биз жөнүндө

 

 

Мектептин концепциясы

Өзүнүн жана жалпы коомдун жашоосунун сапатынын үзгүлтүксүз жогорулашын камсыздай ала турган атаандаштык, турмуштук жана кесиптик жактан ыкчамдуу инсанды калыптандырууга багытталган мектептин окуучуларынын билимдеринин заманбап сапатын камсыз кылуу.