«Математика-акылдын ачкычы» иш-чарасы
С.Исмаилов атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинде 2025-жылдын 3-февралдан 14-февралына чейин «Интеграл» усулдук бирикмесинин декадасы жүрдү.Иш-чараны 12-февралда «Математика-акылдын ачкычы» аталышындагы топтордун интелектуалдык таймашы өткөрүлдү.7-9-класстардан чогулган аралаш окуучулардан турган 3 топ берилген тапшырмаларды жогорку деңгээлде аткарууга жетишишти.Жыйынтыгында «Матемания» тобу жеңишке жетишти.Мындан сырткары 5-класстын окуучуларынын арасында «Сандар кошулган макал-лакаптар» сынагынын жеңүүчүлөрү,6-класстар арасында өткөрүлгөн «Акыл ордонун» жеңүүчүлөрү диплом жана кызыктыруучу сыйлыктары менен сыйланышты .Усулдук бирикме мүчөлөрүнө терең ыраазычылык билдиребиз.
Комментарии