С.Исмаилов атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинде 2025-жылдын 7-мартында «8-март-Аялдардын Эл аралык күнүн» утурлай орус тилчи эжейлердин уюштуруусунда КВН өтүлдү.10-класстан 5-класска чейинки класстардын окуучуларынан түзүлгөн 3 команда сынакка жогорку деңгээлде даярданып келишкен .Орус тилинде жаңылмачтар,табышмактар,көркөм окуу айтылып,орус тилинде обондуу ырлар жаңырды .Орус элинин улуттук бийлери аткарылды.Катышкан окуучуларга кызыктыруучу сыйлыктар ,дипломдор тапшырылды.Иш-чараны уюштурушкан орус тилчи эжейлер […]
07.03.2025 24
С.Исмаилов атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинде 2025-жылдын 3-февралдан 14-февралына чейин «Интеграл» усулдук бирикмесинин декадасы жүрдү.Иш-чараны 12-февралда «Математика-акылдын ачкычы» аталышындагы топтордун интелектуалдык таймашы өткөрүлдү.7-9-класстардан чогулган аралаш окуучулардан турган 3 топ берилген тапшырмаларды жогорку деңгээлде аткарууга жетишишти.Жыйынтыгында «Матемания» тобу жеңишке жетишти.Мындан сырткары 5-класстын окуучуларынын арасында «Сандар кошулган макал-лакаптар» сынагынын жеңүүчүлөрү,6-класстар арасында өткөрүлгөн «Акыл ордонун» жеңүүчүлөрү диплом […]
12.02.2025 152
[video width="640" height="576" mp4="https://ismailov.mektebim.kg/wp-content/uploads/sites/391/2025/02/vid-20250203-wa0047.mp4"][/video]
05.02.2025 23
С.Исмаилов атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебининде заман талабы болгон дүйнөлүк методика менен билим берүүнүн сапатын жогорулатуу боюнча бир катар иштер жүрүүдө.STEM предметтеринен сабак берген мугалимдер квалификациясын жогорулатуучу окуулардан өтүшүп,кайтарым байланыш катары ачык сабактарды өтүштү.Кочкор району боюнча тренерлер :Асаналиева Астра жана Жумабаева Айчүрөк тарабынан өтүлгөн сабактарга байкоо жүргүзүү менен бирге усулдук жактан колдоо көрсөтүүгө жетишишти.Билимдүү […]
31.01.2025 33
Эл аралык онлайн сүрөт тартуу сынагында биздин мектептин 8-классынын окуучусу Сабырбекова Уулжан 1-орунду камсыз кылып , сүйүнүчтүү кабар келди.Уулжан, азаматсың!С.Исмаилов атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебин дүйнөнүн алдынкы мектептеринин катарына кошуп ,атын чыгарганыңа терең ыраазычылык билдиребиз!Талантың өркүндөй берсин,биздин сыймыктуу окуучубуз!Ата-энесине да сыйлык кут болсун, куттуктайбыз!!
18.12.2024 30
2024-жыл 11-ноябрь
18.12.2024 24
С.Исмаилов атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинде 12- декабрь Улуттук адабият күнүнө карата Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы боюнча 9-10- класстар арасында брейн- ринг таймашы болуп өттү.1.Командалардын саламдашуусу, аттарын,эмблемаларын жактоо; «Айтматов ааламы-блиц суроолор, слайддан каармандарды табуу,дал келтирүү,алым-сабак айтуу,суроо- аукцион, обондуу ырлар аттуу тапшырмаларды аткарышты.Таймашта «Жамийла»,Делбирим» командалары абдан активдүү катышып,Ч.Айтматовдун чыгармачылыгы тууралуу билимдерин бекемдешти. Жыйынтыгында 38 балл менен […]
18.12.2024 17
«Манас»эпосунун күнүнө карата майрамдык иш -чара 2024-жылы 4-декабрда жогорку деңгээлде өтүлдү.
18.12.2024 19
С.Исмаилов атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинде 2024-жылдын 22-августунда 2024-2025-окуу жылына карата «Китеп жарманкеси» уюштурулду.Ата-энелер жетишпеген китептерди сатып-алуу мамилелери аркылуу балдарына толуктап берүүнүн үстүндө активдүүлүгүн көрсөтүштү.Өткөн окуу жылында ата-энелер тарабынан сатып алынган окуу китептерин демөөрчүлүк кылып бекер эле мектеп фондусуна өткөрүп берген ата-энелерге(7-класстын 16 даана алгебра жана 6-класстын 25 даана математика китептери)жана балдардын билим-тарбия алуусуна […]
22.08.2024 64
С.Исмаилов атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинде 2024-2025-окуу жылына кызуу даярдыктар көрүлүүдө.Мектеп директору Турганбаева Жыпардын жетекчилиги астында мугалимдер жамааты мектептин сырткы көрүнүшүн оңдоп түзөөгө катышышса,тех .кызматкерлер мектептин ичин сырдап актоодо.Окуу жылынын башталышына саналуу кана күндөр калгандыктан ,мектеп жагымдуу чөйрө болуп окуучуларды тосуп алууга камынууда.Ишиңиздерге ийгилик !!!
15.08.2024 120
С.Исмаилов атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинде 2023-2024-окуу жылынын оңдоп-түзөө иштери кызуу жүрүүдө.Республикалык бюджеттен 3000000 (3 миллион) сом мектептин жылытуу системасын толугу менен жаңыртууга бөлүнүп берилди Бул иш-чаралар УКС башкармалыгы тарабынан 18-июнда башталып ишке ашырылып жатат.Балдардын татыктуу окуп-тарбия алышына эң чоң көмөк көрсөтүп,ар тараптан колдоп,жылытуу системасына 3 миллион бөлүнүп берилиши жалпы мектеп жамаатына аябай кубанычтуу […]
30.06.2024 73